Базар-Коргондо 420 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы таратылды

Базар-Коргон районунун борбордук «Ак-Тайлак ата» мечитинде райондун айыл аймактарынан келген 420 үй-бүлөгө Рамазан айынын акыркы он күндүгүндө азык-түлүк баштыктары таратылды. Базар-Коргон райондук хатибиятынын демилгеси, кайрымдуулук багытындагы “Икомут-Татвиир” фондунун колдоосу менен ун, кум шекер, макарон, өсүмдүк майы туз, күрүчтөн турган рамазандык баштыктар муктаж үй-бүлөлөргө берилди.

Иш-чарага Жалал-Абад облустук казыятынын өкүлү Алмаз ажы Умарбеков, Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Нармамат ажы Икрамов, Базар-Коргон шаарынын баш имамы Ашим Ажы Абидинов катышты. Алмаз ажы кайрымдуулукка кайдыгер карабаган, жыл сайын жардам берип келе жаткан  “Икомут-Татвиир” фондуна ыраазычылык билдирип, жалпы катышуучуларды Рамазан айы менен куттуктады.

Айта кетсек, 420 үй-бүлөгө таратылган ар бир баштыкча 1342 сомду түзсө, кайрымдуулуктун жалпы суммасы 563 640 сом болду.