Сокулукта улан-кыздар Курандын 30-парасынан күч сынашты

Чүй облусунун Сокулук районундагы «Хадижа» мечитинде улан жана кыздарга Курандын 30-парасынан жарыш болуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды. Аталган сынакта «Хадижа» мечитинин имамы Махаматкул ажы Абдиев, Мырзали ажы Алимбаев, Асадулла кары Байит уулулар калыстык кылышты.

Уландар боюнча:

Биринчи орун – Алпамышов Ибрагим; 

Экинчи орун – Кутманалиев Нуралы;

Үчүнчү орун – Абдираимов Алимбек.

Ал эми кыздар боюнча:

Биринчи орун – Шамшиева Тумар;

Экинчи орун – Жыргалбекова Аймээрим;

Үчүнчү орун – Айтбаева Айша. «Куран бул жер бетиндеги эң ыйык Китеп. Он төрт кылымдан бери эч бир жери өзгөрүлбөгөн. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу хадисинде: «Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнүп жана аны башкаларга үйрөткөндөр» деп айтылган. Мына ошондуктан Куранды өзүбүз да үйрөнүп, башкаларга да үйрөтсөк эч качан кем болбойбуз», – деп белгиледи «Хадижа» мечитинин имамы Махаматкул ажы Абдиев.