Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген 500 адамга ооз ачарлык уюштурулду

Үстүбүздөгү жылдын 31-март күнү Ош шаарындагы Тумар ресторанында ыйык орозо айынын урматына диний насаатчы Шумкар Акматали уулунун демилгеси менен Ош шаардык мусулмандарынын казыятына караштуу «Усман бин Афван» мечитинин жамаатынын атынан мүмкүнчүлүгү чектелген 500 адамга ооз ачыруу кечеси уюштурулду.

Катышуучулар ооз ачарга демөөрчүлүк кылган инсандарга жана демилгени уюштурган Шумкар мырзага ыраазычылык билдирип, алардын иштерине ийгиликтерди каалашты.