Нуридин ажы Мамасабировдун демилгеси менен муктаж жарандарга кайрымдуулук жасалды

Ыйык Рамазан айынын урматына муктаж жарандарга жардам көрсөтүү максатында Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нурдин ажы Мамасабировдун демилгеси менен 6 жаранга баасы 10 миң сомду түзгөн азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү.

“Муктаждарга жардам көрсөтүү, мусулман бир туугандын зарылчылыгын бүтүрүү, жакырларга жумшак болуу ж.б. сыяктуу амалдар өтө сооптуу жана таалим-тарбия багытында да таасири бар. Колубуздан келишинче кайрымдуулук иштерин дагы да уланта бермекчибиз. Аллах Таала баарыбызга жакшылыгын, берекесин берсин”, — деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Муну менен катар облус казысы район-шаарлардын баш имам-хатибдерине Рамазан айында кайрымдуулук иштерин уюштуруу, муктаждарга жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.