Ажылык — 2024: Зыяратчылардын документтерин визага даярдоо кызуу жүрүүдө (фотобаян)

Кыргызстандык ажылардын документтерин ырастоо жана визага даярдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдан билдиришти.

«Учурда ажыларыбыздын документтерин көздөн өткөрүп, САПтын талаптарына ылайык даярдап, визага даярдап жатабыз. Алла Таала насип кылса, бул жараян 10 күндүн ичинде бүтүп калат деп турабыз. Ажыларды ыйык сапарга руханий жактан даярдоо боюнча да пландуу сабактар өтүлүп жатат», — деп билдирди штаб төрагасы Самидин кары Атабаев.

Ал эми КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев ажылык маанилүү ибадат болгондуктан, тиешелүү адистер жана операторлор ыйык сапарга берилүү менен кызмат кылып жатышканын билдирди.

Айта кетсек, САП 2024-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Быйылкы жылы ажылыктын жалпы нарктамасы 3750 АКШ долларын түзгөн.