Ысык-Көл районунда эки имамга умра сапарына жолдомо берилди

Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын имамы Мирлан Мамытовго жана Темир айылынын имамы Эрнис Медетовго айыл тургундары умра жолдомосун белекке беришти. Имамдардын көп жылдан бери айылдарына кылган кызматтары эл тарабынан бааланып, орозо айында умра ибадатын аткарып келүүсү үчүн сый, ыраазычылык жана иштерин колдоо катарында беришкенин кабарлашты. Имамдар ыраазы болушуп, эли-жери, айылдаштары үчүн дуба кылышты. 

Райондун баш имам-хатиби Максат Сейталиев акыркы учурларда имамдардын кызматы эл тарабынан бааланып, ар кандай сыйлыктар берилип жатканы жүрөк жылытарлык иш экенин айтты:

«Быйыл 2024-жылы районубуздан ушинетип эл тарабынан жолдомо төрт имамыбызга берилди. Жөнөнкөй жарандар, өзгөчө жаштарыбыз имамдардын илимге, динге, ыйман үчүн кылган кызматтарын баалап, ыраазычылык катары белектерди берип жаткандагысы жүрөктө жылытып, абдан кубантат. Ушуга окшогон иш-аракеттер имамдарыбызга дагы да болсо, дем-күч берет деп ишенем», — деди баш имам-хатиб.