Акжол ажы Бакиров: «Динде аша чабуу — диний эркиндикке бут тосууга барабар»

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы жалпы имамдарга жыйын болуп өттү. Аталган жыйын дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталып, баш имам-хатиб тарабынан орчундуу маселелер козголуп, тапшырмалар берилди. Жыйында:

— Салттуу исламга бекем болуу;

— Калктын арасында жаштардын адеп-ахлагы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— Диндеги аша чабуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— Кадыр кечин жогорку деңгээлде өткөрүү;

— Орозо айтка даярдыктарды көрүү.

«Элди салттуу исламды карманууга чакырып, ар кандай туура эмес ишенимдерден  жана түшүнүктөрдөн узак болууга чакырышыбыз керек. Биз бул нерсеге көңүл буруп чектен чыкпастан, шарият чегинен жаза баспастан иш алып баруубуз зарыл. Бир мусулмандын аша чабуусу менен диний эркиндигибизге кедерги тийип калуусу мүмкүн», — деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.