Ананьеводо имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү

Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Ананьево айылында имам Бекбосын Дияровдун уюштуруусу менен жардамга, колдоого муктаж делген үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Аталган кайрымдуулукка айылдын 1996-жылы туулган жаштары демөөрчүлүк кылышкан. Кайрымдуулуктун алкагында 11 үй-бүлөгө 1500 сомдук азык-түлүк салынган Рамазан баштыкчалары берилсе, ага кошумча 60 үй-бүлөгө кышкыга отун түшүрүлүп берилди.

Орозо айында берилген жакшылыктарга жардам алган адамдар абдан ыраазы болушуп, Жараткандан имамга жана жаштарга береке, ырыскы, аманчылык жана бекем ыйман тилешти. Демилгени колдоого алган жаштарга имам дагы элдин жана өзүнүн атынан ыраазычылык билдирип, батасын берди.