![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/04/IMG-20240401-WA0168.jpg)
Бакай-Ата районунда 50 муктаж үй-бүлөгө Рамазандын акыркы он күндүгүндө азык-түлүк баштыгы берилди. Кайрымдуулук иш-чарасы райондун баш имам-хатиби Марат Джусупбековдун демилгеси жана кайрымдуу инсандардын колдоосу менен уюштурулду.
Райондун баш имам-хатиби өз сөзүндө, «Рамазан айы кайрымдуулуктун айы. Бул айда кайрымдуулукка кайдыгер карабаган, жыл сайын жардам берип келе жаткан кайрымдуу инсандарга ыраазычылык билдирем», — деп билдирди.
Айта кетсек, 50 үй-бүлөгө таратылган ар бир баштыкча 4460 сомду түзсө, кайрымдуулуктун жалпы суммасы 223000 сом болду.