Кара-Сууда жалпы 751 үй-бүлөгө 1 млн 663500 сомдук кайрымдуулук кылынды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жайгашкан мечиттердин имамдары жана жамааты улуу Рамазан айынын акыркы он күндүгүндө кайрымдуулук иш-чараларын байма-бай уюштурушуп,көптөгөн муктаж үй-бүлөлөргө жагымдуу маанай жана кубаныч тартуулашты.

«Берекелүү Рамазан айында имамдарыбыз өз жамааты менен кылып жаткан ар бир кайрымдуулук иш-чараларын күн сайын видеого алып, сүрөткө тартып хатибиятка маалымат берип турушат. Биз кайрымдуулук кылган жана кайрымдуулукка чакырган инсандарга терең ыраазычылык билдиребиз. Жараткан Алла Таала эки дүйнө бактылуулугун берсин», – деди Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Мечиттерде Рамазан айынын акыркы он күндүгүндө кылынган кайрымдуулуктар төмөнкүдөй:

1.«Алим-Тепе» мечитинен 185 үй-бүлөгө 462500 сомдук;

2.«Арал» мечитинен 175 үй-бүлөгө 300000 сомдук;

3.«Назира Мухаммад Таж» мечитинен 21 үй-бүлөгө 145000 сомдук;

4.«Жийделик»мечитинен 50 үй-бүлөгө 125000 сомдук;

5.«Хожимат Хожи Ата» мечитинен 60 үй-бүлөгө 120000 сомдук;

6.«Убайдулло ажы» мечитинен 45 үй-бүлөгө 96000 сомдук;

7.« Мачак»мечитинен 40 үй-бүлөгө 80000 сомдук;

8.«Кыдырша» мечитинен 30 үй-бүлөгө 60000 сомдук;

9.«Шейх Алаудин Мансур» мечитинен 18 үй-бүлөгө 52000 сомдук;

10.«Кыш-Абад»мечитинен 25 үй-бүлөгө 50000 сомдук;

11.«Абласан уулу Алтыбай» мечитинен 10үй-бүлөгө 43000 сомдук;

12.«Азатбек ажы»мечитинен 40 үй-бүлөгө 40000 сомдук;

13.«Немат Хожи» мечитинен 15 үй-бүлөгө 30000 сомдук;

14.«Могол»мечитинен 25 үй-бүлөгө 35000 сомдук;

15.«Маданият»мечитинен 10 үй-бүлөгө 15000 сомдук;

16.«Беш-Капа»мечитинен 2 үйбүлөгө 10000 сомдук жардам көрсөтүлдү.