Сайдамир ажы Жейналиев: “Бизге берилген аманаттардын эң кадырлуусу — ден соолук”

Ош облустук администрациясында райондун баш имам-хатибдерине жыйын өткөрүлүп, саамалыкка КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанбеков, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн  башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, казыят кызматкерлери жана райондун баш имам-хатибдери катышты.

Жыйында өлкөбүздөгү, анын ичинде Ош облусунун аймагындагы маанилүү маселелер талкууланып, ой-пикирлер айтылды. Алсак;

 — Коомдогу соцалдык кыйынчылыктардын алдын алуу, муктаждарга жардам көрсөтүү;

— Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу;

-Улуттар жана уруулар аралык ынтымакты чыңдоо;

— Диний объъктилердин курулушу жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү;

— Эмдөө боюнча жарандарга түшүндүрүү.

Жогоруда айтылган маселелер боюнча кызуу талкуу болуп, ар түрдүү ой-пикирлер айтылды.

“Ден соолук Кудай Таала тарабынан берилген аманаттардын эң чоңу. Албетте бул боюнча суралабыз. Ден соолукту аздектеп, сактоо ар бир адамдын милдети. Ошол эле учурда ар түрдүү оорулар жайылып жаткан учурда, ага каршы дары-дармектерди жана вакциналарды алуубуз зарыл. Бул боюнча карапайым элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз керек”, — деди Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев жыйындын жүрүшүндө.