Азирети Муфтий ОсОО «Адал Азык» Тойбосс эт азыктарын өндүрүүчү ишканасын зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар ОсОО «Адал Азык» Тойбосс эт азыктарын өндүрүүчү ишканасын зыярат кылып, азыкты өндүрүү процесси менен жеринен таанышты. Зыярат кылуу жана таанышуу саамалыгына Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самидин кары Атабаев, КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу, маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев жана тийиштүү адистер катышты.

«Жалпыга маалым болгондой, «Тойбосс» адал эт азыктарын өндүрүүчү компаниясы өлкөбүздөгү ири ишканалардын бири. Калайыкты адал азык-түлүк менен камсыздоо багытында чоң-чоң иштерди алып барып келет. Биз менен, тагыраагы диний башкармалык менен биртоп убакыттан бери тыгыз байланышта болуп, шарият талаптарын так сактап, муфтияттын «халал» сертификатына ээ болгон. Биз «Тойбоссту» бүгүнкү катаал рынок шартына карабай, өндүрүлгөн азыктарынын адал, таза, коопсуз болушуна абдан астейдил мамиле кылган компания катары тааныйбыз. Андыктан Мырзабек Турганбаевич башында турган жамаатка терең ыраазычылык билдирип, алдыдагы иштерине да ийгилик каалайбыз», — деп билдирди Азирети Муфтий өз сөзүндө.   

КМДБ жетекчиси шарият талаптарын сактоо менен бирге, элге ак кызмат кылып келе жаткан ОсОО «Адал Азык» Тойбосс эт азыктарын өндүрүүчү ишканасынын директору Мырзабек Орунбаевге муфтияттын Ардак баракчасын тапшырып жатып, аталган компаниянын аткарган бир топ ийгилүү иштерине токтолуп өттү. Ал ошондой эле калайыкты «Тойбосс» өңдүү ишенимдүү, таза, адал азык-түлүк менен камсыздап келе жаткан ата мекендик өндүрүштөрдү колдоо керектигин, бул жаатта диний башкармалык катары колдон келген жардамдарды берүүгө даяр экенин кошумчалады.  

Расмий жолугушуудан соң Азирети Муфтий баштаган аалымдар адал азык-түлүктөрү даярдалган жараян менен жеринен таанышып чыгышты.