Бишкекте «Биз менен ооз ачыңыз» жана «Өмүр – аманат» акциялары өттү

Бишкек шаарынын борбордук Жеңиш аянтында КМДБнын демилгеси, КР ИИМдин ЖКККББнын колдоосу, ошондой эле ОсОО «Адал Азык» Тойбосс эт азыктарын өндүрүүчү ишканасынын демөөрчүлүгү менен «Биз менен ооз ачыңыз» жана «Өмүр – аманат» акциялары өттү.

Акциянын жүрүшүндө борбор калаанын тургундары жана конокторуна ифтар баштыкчалары таратылып, берекелүү Рамазан айында мекендештерге майрамдык маанай тартууланды. Ошондой эле үйүнө шашып бараткан жана автотыгындарда калып кеткен айдоочуларга да рамазандык баштыкчалар белекке берилип, аларга ак жол кааланып, жол эрежелери эскертилип, атайын брошюралар таратылды.

Акциянын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самидин кары Атабаев буларга токтолду:

«Муфтият биртоп жылдан бери салттуу түрдө «Биз менен ооз ачыңыз» акциясын өткөрүп келет. Бул жылы акциянын форматын өзгөртүп, МАИ кызматкерлери менен биргеликте «Өмүр – аманат» акциясын да коштук. Кош акциябызды жылуу кабыл алып, колдоо көрсөткөн Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жана «Тойбос» компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз. Акцияларыбыздын максаты улуу айда улуу соопторго жетишүү менен биргеликте мекендештерге, анын ичинде айдоочуларга, жүргүнчүлөргө майрамдык маанай тартуулоо, касиеттүү орозонун шаң-шарапатын жарандарга сездирүү, ооз ачарлыкка шашып бараткан шаардыктарга рамазандык атмосфера жаратуу, ошондой эле автожол кырсыктарынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат».

КМДБ жетекчисинин 1-орун басары «Биз менен ооз ачыңыз» жана «Өмүр — аманат» акцияларын өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүү пландалганын, бул боюнча казыларга тапшырма берилгенин, учурда аймактарда жогорку акциялар кызуу өтүп жатканын кошумчалады.

Ал эми КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев калаа тургундары жана коноктору, өзгөчө айдоочулар акцияны жылуу кабыл алышканын белгилеп,

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир курма менен болсо да ооз ачыруунун абзелдигин куттуу хадисинде билдирген. Алгач биздин акциябызды колдоп берген жетекчилигибизге жана тиешелүү мекемелерге терең ыраазычылык билдиремин. Биз МАИ кызматкерлери менен биргеликте унаа башкарган жарандардын айдоочулук маданиятын жогорулатуу, маалыматтык-профилактикалык иш-чараларын уюштуруу боюнча кеңешип, «Биз менен ооз ачыңыз» саамалыгы менен бирге эле «Өмүр – аманат» акциясын өткөрүүнү чечкенбиз. Анткени унаа колдонуу – чоң жоопкерчилик. Азыркы учурда тилекке каршы, жол кырсыктары көбөйүп кетти. Динибизде бирөөнүн өлүмүнө же майып болуп калуусуна себепкер болуу күнөө болуп саналат. Андыктан ар бир айдоочу унаа колдонуп жатканда абай болуп, жол эрежелерин сактап, тиешелүү талаптарга баш ийип, калктуу конуштарда ылдамдыкты азайтышы керек. Жолдо башка бирөөнүн акысына кирбей, токтосо да атайын жайларга токтоп, айтор тартипке жана адепке келсек абдан жакшы болор эле. Бүгүнкү акциябыздын негизги максаты да ошол», – деп билдирди.  

Айта кетсек, акциянын алкагында зам-зам суу, курма, түрдүү таттуулар жана жол кыймылынын эрежеси боюнча брошюра камтылган 1000 баштыкча калаа тургундары жана конокторуна тартууланды.