Араванда имамдарга «Өмүр – аманат» аталышындагы жыйын өттү

Ош облусунун Араван райондук хатибиятында райондун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына «Өмүр –аманат» аталышында жыйын өткөрдү.

“Бул берилген өмүр адам баласы үчүн аманат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) куттуу хадисинде айтылгандай, кыямат күнү  пенде беш нерседен суралат, анын экөөсү аманат катары берилген жаштык жана өмүргө тиешелүү.  Ошондуктан бул Аллах  берген жашоону туура пайдаланалы”, – деди Умаралы ажы Муратов.

Жыйындын жүрүшүндө орозо-фитир, айт намазы, ишембилик жана нарктуулук боюнча сөз болуп, бир катар тапшырмалар берилди.