Жалал-Абадда «Өмүр – аманат» жана «Биз менен бирге ооз ачыңыз» акциялары өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты жана КР ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте «Өмүр – аманат» жана «Биз менен бирге ооз ачыңыз» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

Саамалыкта Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун хатибияты тарабынан атайын орозо баштыкчалары даярдалып, айдоочуларга таратылып берилди. Мындан сырткары Жалал-Абад облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан айдоочуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери айтылып, амандык тиленди.

Айдоочулар улуу Рамазан айынын урматына уюштурулган иш-чараны алкоого алып, көңүл көтөргөн жакшы жышаан экендигин айтып, ыраазычылык сөзү менен бирге ак батасын беришти.

Эске салсак, мындай иш-чараны өлкө аймагы боюнча өткөрүү боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан тапшырма берилген.