Ош облусунда «Биз менен ооз ачыңыз» аттуу акция уланууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Ажымат Ажы» жума мечитинде Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиевдин катышуусунда орозо баштыкчалары таратылып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам түйүнчөктөрү тапшырылды.

Облус казысы баш болгон мечит жамааты жолдогу жолоочуларга ооз ачуу үчүн атайын баштыкчалар татып, жылуу маанай тартуулашты. Аны менен катар Рамазан айынын урматына жана аталган акциянын алкагында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө 120 миң сомдук жардам берилди.