Ноокатта экстремизмдин алдын алууга багытталган жыйын болуп өттү

Бүгүн, 27-март күнү Ош облусунун Ноокат районунда Коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, диний кырдалды көзөмөлдөө жана террордук актылардын алдын алууга багытталган жыйын болуп өттү.

Ага Ноокат районунун акимдин орун басары Мамажунус Абилов, Ош ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрнист Бекташов, РИИБдин башчысынын орун басары Алмазбек Исраилов, райондун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров, райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана райондогу дин кызматкерлери катышты.

Жыйында өлкө аймагындагы коопсуздук маселелери каралып, аткарылган иштер жана коопсуздукту камсыз кылуудагы артыкчылыктуу багыттар айтылды.

“Алла Таала Куран-и Каримде адамдын жанын кыюу чоң күнөө экендигин айткан. Жардырууларды, адам өлтүрүүлөрдү жасап жаткандардын жоруктары мусулманчылыкка жатпайт. Адам өлтүрүү жана өз жанын кыюу шариятыбызда чоң күнөөлөрдүн сап башында турат. Мусулман эч качан террорчу болбойт, эч качан террорчу мусулман деп айтылбайт”, – деди Бекназар ажы Жапаров.