Кызыл-Жол кварталында 200дөн ашуун үй-бүлөгө ифтардык баштыгы берилди

Баткен шаарындагы Кызыл-Жол кварталында 200дөн ашуун үй-бүлөгө ифтардык катарында азык-түлүк баштыкчасы таратылды.

Кызыл-Жол кварталынын “Абу Бакр” атындагы мечитинин имамы Кожали Абазовдун демилгеси жана жергиликтүү жашоочулардын колдоосу менен тамак-аш, күнүмдүк  азык-түлүктөн турган ифтардык баштыкчалар өөз дарегине жеткирилди.

Иш-чара алкагында 200дөн ашык баштыкчалар Рамазан айында ооз ачарлык катарында берилип, кары-картаң, ооруп жаткандарга, муктаждарга кубаныч тартуулоо максатында таратылып берилди.

“Мындай иш-чараларды жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен буга чейин да уюштуруп келгенбиз. Максатыбыз ыйык айда муктаждардын жүзүнө кубаныч тартуулоо. Буйруса келечекте дагы уюштуруу пландалууда”, – деди Кожали Абазов.