Жети-Өгүздө 30 үй-бүлөгө рамазандык баштыкчалар берилди

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак жана Кичи-Жаргылчак айылдарында муктаж 30 үй-бүлөгө Ыйык Рамазан айынын урматына азык-түлүк баштыктары таратылды.

Аталган кайрымдуулукка «Ас-Санабил» кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылды. Кичи-Жаргылчак айылынын имамы Алтынбек Сагынбаев, Чоң-Жаргылчак айылынын имамы Кылычбек Базарбаев иш-чарага катышып, кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө ыраазычылык айтышты. Жардам пакеттерин алганы келген эл да ыраазы болуп, орозо айында кылган жакшылыктарын Алла Таала кабыл кылуусун тилеп дуба кылышты.