Алимбек ажы Маматаминов: “Динде аша чапкандык – диний сабаттуулуктун төмөндүгү”

Бүгүн, 27-март күнү Ош облусунун Чоң-Алай районунда жалпы мечиттердин имамдарына жыйын болуп өттү. Аталган жыйынга райондун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов катышып, учурдун орчундуу маселерине токтолуп, бир катар тапшырмалар берилди.

Алимбек ажы Маматаминов “Терроризмде исламдан үлүш жок”, “Ысрапкорчулукка кол бербейбиз” жана “Динде ортолук карманылат” аталышында баяндама жасап, туура эмес түшүнүктрдөн узак болууга, уруулар аралык ынтымакка чакырып, той-аштарда, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарга жол бербөө тапшырмаларын берди.

“Динде аша чапкандык – диний сабаттуулуктун төмөндүгү. Шариятыбыздагы айрым сооптуу иш деп аталып, ошол эле учурда аны аткарбай коюуда күнөө болбогон иштерди, милдеттүүдөй көрсөтүп, карапайым элдин багытын бургандар бар. Диний жетекчи катары ошондой туура эмес түшүнүктөрдөн элибизди арылтуубуз керек. Анткени бул иштер адамды радикалдык көз карашка алып барат”, – деди Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов.