«Ак-Эшан Ата» медресесинде өрт коопсуздугу боюнча практикалык сабак өтүлдү

Бүгүн, 27-мартта Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Ак-Эшан Ата» медресесинин мугалимдери менен студенттерине ӨКМдин Баткен облусунун Кадамжай райондук бөлүмүнүн кызматкерлери өрт коопсуздугун сактоо, өрт өчүрүү куралдарды колдонуунун эрежелери жана өзгөчө кырдаалдарда эмне кылуу керек экендиги тууралуу практикалык сабак өтүштү.

Сабак учуранда адистер өзгөчө кырдаал учурларда кандай жабдуулар керектигин жана аларды колдонуу эрежелерин иш жүзүндө көрсөтүп беришти.

«Алгач Жараткан баарыбызды ар түрдүү кырсыктардан сактасын. Кырсык каш-кабактын ортосунда демекчи, биз ар дайым күттүрбөй келген кырсыкка даяр болушубуз керек. Ошондуктан медресе мугалими Курсан Муса уулунун жетекчилиги менен кырсыктан алдын алуу максатында ушундай практикалык сабак уюштурулду. Буйруса, түшүндүрүү иштерин уланта бермекчибиз», – деди медресе мүдүрү Тахмурас Абдуллаев.