Акжол ажы Бакиров: “Өлкөбүз бизге аманат”

Бүгүн, 27-март күнү Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында жыйын болуп, ага Өзгөн райондук админстарциясынын аппарат башчысы Ысакбек Качыбеков, РИИБдин жетекчиси Айылчы Мырзамаматов, райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, мектеп директорлору жана дин кызматкерлери катышты.

Жыйында жалпысынан өлкө коопсуздугун камсыз кылуу, жаштардын тарбиясы жана динде аша чаппоо боюнча сөз болуп, атайын адистер тарабынан баяндамалар жасалды.

“Ислам – бул тынчтыктын дини. Ар дайым тынчтыкты, тазалыкты жана аруулукту даңазалап келет. Ал эми исламдын атын жамынып, жаманатты кылып жаткандардын эч бир кыймылын шариятыбыз колдобойт, тескерисинче андай жаман жоруктардан узак болууга үндөйт. Ошонун катарында келечегибиз болгон жаштарыбызды туура тарбиялоого чакырат. Кудай Таала Өз сөзүндө: “Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла!” – деп буюрат. Демек өсүп келе жаткан жаштарга жана алардын тарбиясына катуу көңүл буруубуз керек”, – деди райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.