Баткендеги диний окуу жайларда терс агымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2024-жылдын 20-мартынан 27-мартына чейин Баткен облусундагы диний окуу жайларда Лейлек райондук, Кызыл-Кыя жана Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы хатибият жана медреселер менен биргеликте экстремизмдин алдын алуу, мыйзамсыз миграция жана салттуу ислам боюнча түшүнүктөр, улуттар аралык чыр-чатактарды болтурбоо багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Студенттерге Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик, терорристтик уюмдарынын идеологиясына интернет тармактары аркылуу үгүттөгөн сайттардан жана баракчалардан алыс болуу эскертилип, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер боюнча кенен айтылды.

Муну менен катар дин кызматкерлери тарабынан терс агымдардын коомго тийгизген терс таасири айтылып, диний маалыматтарды жана билимди интернеттен эмес, атайын адистерден үйрөнүү зарыл экендиги эскертилди.