Бакытбек ажы Убабеков: «Берешен адам бейишке жакын, тозоктон алыс»

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы «Азери» мечитинин имамы Мухаммад ажы Дүргаловдун демилгеси менен 45 жетим-жесир, майып болгон жарандарга азык-түлүктөр таратылса, ушул эле райондун Киргшелк айылынын имамы Хайтбай Пайшековдун демилгеси менен 13 муктаж үй-бүлөгө 4 килограммдан эт таратылып берилди.

«Сиз бирди берсеңиз Жараткан сизге миңди берет деген» сөз бар. Берешен адам бейишке жакын, тозоктон алыс. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) куттуу хадисинде мындай деген: «Силердин колуңардан орозолуулар ооз ачышсын, силердин тамагыңардан такыбалар тамактанышсын жана силерге периштелер дуба кылсын». Ушул ыйык күндөрү жакшылыкта жарышып калалы», — деп билдирди баш имам-хатиб Бакытбек ажы Убабеков.