Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев шаар имамдарына жыйын өткөрүп, 2 маселени көтөрдү

Бүгүн, 18-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол ажы Козубав Өзгөн шаарынын шаардык мечит имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйын мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Жыйында шаар ичиндеги жалпы жума окулган мечиттердин азан жана намаз убактысын бирдей өткөрүү жана бүтүрүү, КМДБ тарабынан бекитилген жума баяндарынын регламенти менен иштөө, жума баяндарын мамлекеттик тилде гана өтүү маселеси каралды.

«Ар бир нерсенин убактысы жана чеги болот дегендей, биз имамдардан бардык мечиттерде азандын бирдей айтылуусун жана намаздын бирдей окулуусун, жума кутбаларын бардык мечиттерде бирдей темада болуусун талап кылдык»,-дейт райондун хатиби Акжол ажы Козубаев.