Нурбек каары Орунбаев: «Өзүңдө жок нерсени балаңа кантип үйрөтөсүң»

Мындай пикирин Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев Жасем ал Сани атындагы мечитте бүгүн, 18-октябрда «Өзүнүн жанын өзү кыюу (Суисид)» темасындагы жума баянында айтып өттү.

«Чындыгында суисид маселесинин себептери көп. Технологиянын өнүгүүсү менен өзүнүн жанын өзү кыйгандардын саны жана себептери да артты. Ата-энелер биздин келечегибиз болгон жаш өспүрүмдөргө өз мээримин төгүп, туура тарбялоосу зарыл! Бирок ата-эне өзү билимсиз болуп жатпайбы. Өзүңдө жок нерсени балаңа кантип үйрөтөсүң? Мына ошондуктан алгач өзүбүздү-өзүбүз оңдойлу жана балдарга туура өрнөк бололу»,-Нурбек каары Орунбаев.