Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек ажы Орозалиев Муса Байдөөлөтов атындагы орто мектебинде уюштурулган китеп кечесине катышты

Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек ажы Орозалиев Нарын районунун Ийри-Суу айылынын  МусаБайдөөлөтов атындагы орто мектебинде уюштурулган китеп кечесине катышты. Аталган иш-чараны мектептин окуучулары демилге көтөрүп, уюштурушкан.Мектептин китепканасындагы китеп жетишсиздигин жоюу максатында айыл элинен 200 китеп чогултулса, демөөрчүлөр тарабынан чогултулган каражатка 100 китеп сатылып алынган. Жалпы 300 китеп топтолуп, айылдын жана мектептин китепканаларына бөлүнүп берилген. Иш-чарага Нарын шаарындагы мечиттердин имамдары Жантөрө уулу Акылбек, Саидов Абубакир катышып, залга чогулган мугалимдерге, ата-энелерге жана мектеп окуучуларына кайрылуу жасашып, жаштарды билимдүүлүккө, ыймандуулукка, жигердүүлүккө чакырышты.

Аны менен катар, Кумарбек ажы Орозалиев жаңы китептерге толгон китепкананын ачылышына катышкан соң, китеп окуунун зарылдыгы жана пайдасы тууралуу кеңири баян жасап, бардык катышуучуларды китеп окууга, илим-билимге умтулууга, убакытты туура пайдаланууга үндөдү.