Баткенде Куранды жатка билгендер арасында жана азан айтуу боюнча мелдеш өтүп жатат. Баш байгеге эки унаа коюлган

Бүгүн, 19-октябрь Баткен  шаарындагы борбордук «Нуьмани» мечитинде Куранды жатка билгендер арасында жана азан айтуу боюнча жарыш өттүдө. Иш-чара Баткен облустук мусулмандар казыяты  менен жеке ишкер Ахунали Ибраимов  тарабынан алгачкы жолу уюштурулууда.

Финалга Куран жаттоо боюнча түштүк  регионунан  эң мыкты 32 каары азан айтуу боюнча 11 адам катышууда.

Куран жарыш 3 түрдө өтүп жатат:

1.Курандын үчтөн бир бөлүгүн жатка билгендер (10 пара);

2.Курандын үчтөн эки бөлүгүн жатка билгендер (20 пара);

3.Куранды толук жатка билгендер (30 пара).

Сынак бүгүн жыйынтыкталып, белектер Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин катышуусунда тапшырылат.