Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында жаңы имам дайындалды

Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Жаныбек  Жээнбеков Ак-Тал айылынын тургундары менен жолугушуп, айыл элин жаңы имам менен тааныштырды.

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрь күнү Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Жаныбек Жээнбеков Ак-Тал айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда «Аксакалдарды урматтоо жана кандай адам имам боло алат» деген темада баяндамалар жасалып, элге каада-салттын, Ислам дининин баалуулуктарын айтып берди.

«Кыргыз эли ар дайым аксакалдардын кеп-кеңешин угуп иш кылган улуу эл. Айыл аксакалдары, сиздердин айыл элин биримдиктүү кармап, нарк-насилди, улуттук каада-салтты сактоодо ордуңуздар эбегейсиз зор. Жаштарды аскакалдардын кебин ар дайым угууга, алардан кеңеш алууга чакырам. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда динибиз мамлекет тарабынан жакшы колдоого ээ болуп келүүдө. Билимге, динге суусаган, мекенчил жаштар көбөйдү. Жаңы дайындалган имам менен тыгыз иштешиңиздер. Имамдык кылуу чынында жоопкерчиликтүү иш», — деди Жээнбеков.

Маалымат үчүн:

Ак-Тал айылынын мурдагы имамы ден соолугуна байланыштуу кызматын өткөрүп бергендиктен, ушул айылдын тургуну Барсбек  Ниязалиевди айыл эли имамдыкка шайлап алышты.