Каракол шаарындагы муктаж 150 үй-бүлөгө 300 000 сомдук жардам таратылды

Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриковдун демилгеси менен шаардагы «Иброхим Ажы» атындагы мечитте турмуш шарты оор 150 үй-бүлөгө тамак-аш азыктары таратылды. Берилген жардам ар бир үй-бүлөгө 2000 сомду түзүп, жалпы 300 000 сомдук жардам берилди.

«Мындай кайрымдуулук иштери ишкер мекендештерибиздин көмөгү менен ишке ашып, колубуздан келишинче муктаж биртуугандарыбызга жакшы маанай тартуулап жатабыз»,-деди баш имам хатиб Талант ажы Сабриков.