Бишкек шаардык казыяты мурдагы муфтий Муратаалы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук турнир өткөрүүдө

Бишкек шаарынын мусулмандар казыяты мурдагы муфтий Муратаалы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук турнир өткөрүүдө.

Мелдеш спорттун футбол жана волейбол түрү боюнча өтүп, ага 43 команда катышууда.

«Жалпы 43 команда ат салышып, оюн кызуу жүрүп жатат. Азыр жарым финалдык оюндар башталды. Быйылкы жылдагы өзгөчөлүк оюнга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы кошулду»,-деди казыяттын маалымат катчысы Толкунбек Жуманов.

Футбол боюнча мугалимдер арасынан 13 команда түзүлсө, студенттер арасынан 12 команда ат салышууда. Ал эми волейбол боюнча  мугалимдерден 8 команда өз күчтөрүн сынап жатса, студенттерден түзүлгөн 10 команда аларга атаандаш болууда.