Баткенде Куран жана азан жарышы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев белектерди тапшырды (Тизме)

Бүгүн, 19-октябрда Баткен шаарында өтүп жаткан түштүк региону боюнча Куран жана азан жарышы жыйынтыкталды. Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынын дин башкармалыктарынын өкүлдөрү, түштүк аймактагы облус казылары, өлкөбүзгө белигилүү болгон дин  аалымдары катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, андан соң Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев  Курандын пазилети туурасында баяндама жасап, жарышты уюштурган жеке ишкер  Ахун ажы Ибраимовго Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын ыраазычылык барагын  тапшырды. Ал эми Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынан келген коноктор менен  жергиликтүү дин аалымдары куттуктоо сөздөрү менен белектерин тапшарды. Ошондой эле Куран жаттаган жана азан айткан жаштар арасында шыктандыруучу иш-чара уюштурууга демөөрчү болгон жеке ишкер Ахун ажы Ибраимовго казыяттын ыраазычылык каты тапшырылды.

Сынактын акырында жеңүүүлөр аныкталып,белектер ыйгарылды. Эки күнгө созулган Куран жарыштын жыйынтыгында  10 пара Куран жаттоо боюнча Ош облусунун  тургуну Тажибаев Мухаммаджума  биринчи орунду алып,  умрага жолдомо ыйгарылды. Ал эми 20 пара боюнча Баткен облусунан Кудайназаров Иляс   жеңүүчү деп табылып, матиз авто унаасын жеңип алды.  30-пара Куранды жатка айтуу боюнча 1-орунга Баткен облусунун тургуну Рустамбек уулу Давранбек ээ болуп, мерседес авто унаасы менен сыйланды. Ал эми азан айтуу жарышы боюнча 1-орунду Ош шаарынан келген  Абдал уулу Гүлжигит ээ болуп, умрага жолдомо алды.