Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Өзбекстан жана Таджикстандан келген Муфтияттын өкүлдөрү менен Баткен жергесинде жолугушту

Бүгүн, 19-октябрь күнү  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармасынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Шакиров Мухаммад-Акмальхан жана Тажикстан Республикасынын  мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Адылхан ажы менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу Баткен облусунун мусулмандар казыятында өтүп, анда тараптар эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, достук алаканы чыңдоо жана дин башкармалыктарда эмгектенген дин кызматкерлердин тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү жаатында пикир алышты.

Ал эми расмий жолугушуудан кийин коноктор Баткен казыятынын имараты жана ишмердүүлүгү менен тааныштып, жакшы тилектерин билдиришти.

Ал эми Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов келген конокторго өзүнүн жана жалпы дин кызматкерлеринин атынан ыраазычылыгын айтып, белегин тапшырды