Нарын казыятынын өкүлү Эрик Молдокулов  Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде ата-энелер менен жолугушту

Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун ар кандай түрлөрүн (анын ичинде наркомания, таксикомания, суицид) жана экстремизмдин алдын алуу жана болтурбоо максатында ата-энелердин жыйналышы болуп өттү.

Лицей жетекчилиги тарабынан атайын чакырылган Нарын казыятынын өкүлү Эрик Молдокулов  өспүрүмдөрдүн коомдо өз ордун табуусуна, кылмыштуулуктун алдын алууга өз салымын кошуу максатында жалпы ата-энелерге сөз сүйлөп, диндеги бала тарбиясы, ата-эне менен баланын мамилеси, ж.б. балага тиешелүү маселелер боюнча баяндамасын жасады. 

Андан сырткары, жыйналышка лицейдин директору Байыш Турганбаев жана укук коргоо кызматкерлери катышып, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.