Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев Ат-Башыда «Балдар биздин келечек» аталышындагы семинарга катышты

Кечээ, 17-октябрда Нарын облусунун Ат-Башы районунун борборунда Нарын казыяты, Ат-башы райондук билим берүү бөлүмү жана «Биздин Муун» кайрымдуулук мекемеси тарабынан «Балдар биздин келечек» аталыштагы мугалимдерге жана окуучуларга арналган семинар уюштурулду.

Беш жүзгө жакын жаран катышкан семинарга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажаркүл Дюшеналива, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов, Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев, райондун баш имам хатиби Абдулла ажы Тахиров жана Бишкек шаарынан келген коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жаштардын келечеги, алардын билим алуудагы деңгээли, таалим-тарбиясы, мугалимди сыйлоо тууралуу темаларга токтолушту.

Китеп окуунун зарылдыгы тууралуу кеңири кеп салган облус казысы Мамбетасан ажы Ибраев жалпы мугалимдерди жана окуучуларды изденүүгө, умтулууга, жаңыланууга чакырды.