«Ден-соолук өмүр булагы» аталышында мектеп менен медресе ортосунда футбол боюнча достук оюну өткөрүлдү

Аталган иш-чараны «АВЕП» коомдук фондунун демөөрчүлүгү «Али ибн Аби Толиб» ислам медресесинин демилгеси менен уюштурулду.

Оюн Талас районунун Кум-Арык айылында болуп Кубанычбек Нурбеков атындагы орто мектебинин окуучулары менен «Али ибн Аби Толиб» ислам медресесинин окуучулар ортосунда жүрдү.

Алгач оюн алдында  «Али ибн Аби Толиб» ислам медресесинин мүдүрү Сагынбаев Медер ажы бул оюндун максаты мектеп менен медресе ортосунда ынтымакты чыңдоо максатында болуп жаткандыгын кошумчалап, жакшы оюн көрсөтүп берүүлөрүн өтүндү.

Ал эми  «АВЕП» коомдук фондунун өкүлү Нарынбек Кыдыргычов сөз сүйлөп, медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу долбоорунун алкагында аталган медресенин окуучулары да билим алып жаткандыгын кошумчалап, азыр медреселер ар тараптуу билим алып, деңгээли жогорулап жатканын кошумчалады.

Беттештин жыйынтыгында «Али ибн Аби Толиб» ислам медресеси 4:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Жакшы оюн көрсөткөн оюнчуларга жана жеңген командага акчалай сыйлык жана грамота тапшырылып, башка спортун түрүнөн да достук оюндарын өткөрүүнү мектеп жетекчилиги менен макулдашылды.