Нарын шаарында жана Жаңы-Күч айылында «Китеп фестивалы» болуп өттү

Нарын шаарында «Бир адамдан бир китеп» аттуу долбоордун алкагында Нарын драма театрында чоң масштабда иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, белгилүү эл артисти Азиз Мурадиллаев жана Нарын облусун казысы Мамбетасан Ибраев сөз сүйлөп, «Өзүңдү тааны» долбоорунун алкагында семинар кылышты. Андан соң Нарын жаштары жана «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негиздөөчүлөрү тарабынан өткөрүлгөн китеп жыйноо иш-чарасынын жыйынтык аземи болуп, чогултулган китептердин 70 пайызы Нарын облустук китепканасына, 30 пайызы «Культур кафесинин» окуу залына белек кылынды. Нарын драма театрына зал толо жаштар келип, китеп фестивалына жана кызыктуу лекцияга күбө болушту.

Эскерте кетсек, «Китепкөй Нарын» фестивалы Нарын казысы Ибраев Мамбетасан , Нарын шаарынын жаштары,  долбоордун түзүүчүлөрү жана ыктыярчылар тарабынан уюштурулуп, жалпы 2600 китеп чогултулган.

Андан сырткары, 16-октябрь күнү Нарын облусунун казысы, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков жана башка белгилүү инсандардын жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында да жогоруда айтылгандай китеп чогултуу иш-чарасынын жыйынтыктоо аземи болуп өттү. Жергиликтүү уюштуруучулардын бири Кошой Мөндүрбаевдин айтымында баасы 170,000 сомдун терегиндеги 1000ге чукул китеп топтолгон. Китептер айылдык китепканага жана мектептин китепканасына берилмекчи.

Мекенибизде китеп окууну даңазалоо, руханий, интеллектуалдык потенциалды жогорулатуу, шаар, регион, алыскы айылдарда китеп жетишсиздиги жана китепкана көйгөйлөрүн чечүү максатында уюштурулган бул иш-чарага салым кошкон Алмазбек Акматалиев, Сталбек Абдраев ж.б. салым кошкон инсандарга, байке-эжелерге, ини-карындаштарга, баарыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз!