Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев “Наристе” балдар үйүнө зыярат кылды

Кечээ, 17-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев орун басары Мирланбек ажы Токтомушов менен биргеликте Ош шаарындагы “Наристе” оорукчан балдар үйүнө зыярат кылышты.

Заыярат учурунда шаары казысы Халыс Арзыева жетектеген “Наристе” оорукчан балдар үйүндөгү тарбиячы эжелерден балдардын абалын сурап, аларга колдон келген жардымын берүүгө даяр экенин билдиришти.

«Наристе» балдар үйүндө туулгандан тартып 4 жашка чейинки балдар тарбияланат. Бул жактагы балдар үй жайсыз үй-бүлөлөрдөн чыккан жана кароосуз калган балдар түзөт.