Ош облустук казыятынын окуу бөлүмүнүн жетекчиси Акжол ажы Бакиров ОшМУнун теология факультетинин деканы доцент Зайлабидин Ажыматов менен жолукту

Бүгүн, 17-октябрда Ош облустук мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн жетекчиси Акжол ажы Бакиров ОшМУнун теология факультетинин деканы доцент Зайлабидин Ажыматов менен жолукту.

Жолугушууда теология факультети менен жакындан кызматташуу, экстремизм жана терроризмди алдын алууда биргеликте кызматташуу.

«Биз теология факультети менен дайыма кызматташып келүүдөбүз жана да кызматташа бермекчибиз. Баарыбызга маалым болгондой жаштар арасында чыныгы кыргыз  баалуулугун көрө билген муундарыбыз азаюуда. Батыштын цивилизациясын таанып, ислам цивилизациясын унуткан жаштарыбыз көбөйдү. Мына ошондой жаштарыбызга ислам баалуулуктарын үйрөтүү абзел». — дейт окуу бөлүмүнүн жетекчиси Акжол ажы Бакиров.