Мусулмандын сыпаты

Урматтуу мусулман бир тууганым! Аллах кимге байлыкты же бир мансапты берген болсо ал нерселер Аллах аны сүйгөндүгүнө далил боло албайт. Кимге Аллах ыйманды насип кылган болсо мына ошол нерсе Аллах сүйгөндүгүнө далил. Ошондуктан Аллах берген улуу нематты туура пайдаланып, Ага татыктуу кул болуу биздин ыйык милдет. Андыктан мусулман адам канткенде Аллахты ыразы кыла алат, Ага татыктуу кул боло алат? Аллах Таала мусулмандын сыпатын төмөнкү айатта мындайча байандаган:

» وَ عِبَادُ الرَّحْمَنِ الَّذِينَ يَمْشُونَ عَلَى الاَرْضِ هَوْنًا وَإذَاخَاطَبَهُمُ الْجَاهِلُونَ قَالُوا سَلاَمًا * وَالَّذِينَ يَبِيتُونَ لِرَبِّهِمْ سُجَّدًا وَقِيَامًا * وَالَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا اصْرِفْ عَنَّا عَذََابَ جَهَنَّمَ إنَّ عَذَابَهَا كَانَ غَرَامًا * إنَّهَا سَاءَتْ مُسْتَقَرًّّا وَمُقَامًا * وَالَّذِينَ إذَا أنْفَقُوا لَمْ يُسْرِفُوا وَلَمْ يَقْتُرُوا وَكَانَ بَيْنَ ذَلِكَ قَوَامًا « وَالَّذِينَ لايَدْعُونَ مَعَ اللَّهِ إلَهًا ءَاخَرَ وَلاَيَقْتُلُونَ النَّفْسَ الًَّتِي حَرَّمَ اللَّهُ إلاَّ بِالْحَقِّ وَلاَيَزْنُونَ وَمَنْ يَفْعَلْ ذَلِكَ يَلْقَ أسَامًا*

«Мээримдүүнүн пенделери жер үстүндө тынч абалда жүрүшөт жана аларга наадандар тил тийгизсе: “Тынчтык (каалайм)!” – дешет. Алар Эгесинин алдында сежде кылып жана тике туруп түндү өткөрүшөт. Алар: “Эгебиз! Бизден тозоктун азабын кайтар! Чындыгында, анын азабы сөзсүз болуучу” – дешет. (Өздөрүнүн ордун билишет алсыз бир кул экендиктерин). Акыйкатта, ал өтө жаман орун жана жай. Алар сарп кылганда ысырап кылышпайт жана сараңданышпай, орточо сарпташат.    Алар – Аллага кошуп, башка кудайларга табынбагандар, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган тирүү жанды укуксуз өлтүрбөгөндөр жана айагы суйуктук кылбагандар. Кимде-ким муну жасаса, ал жазага тартылат».  (Фуркан сүрөсү 63-68-айат )

عن أبي هريرة رضي الله تعلى عنه قال قال رسول الله صلى الله عليه وسلم

» مِنْ حُسْنِ إسْلامِ الْمَرْءِ تَرْكُهُ ما لا يَعْنِيْهِ «

 «Мусулман адам өзүнө керексиз нерселерди таштоосу Исламдын жакшы кулк-мүнөзүнөн».

Ар бир мен мусулманмын деген адам кайсы бир ишке киришүүдөн мурда ал иш мага эмне пайда алып келет? Анын акыбети кандай болот? Ага терең ой жүгүртүп, алдын ала анализдеп, андан кийин ал ишке киришүүсү зарыл.

м: Бир адам көбүрөөк сүйлөйт, бирок Ислам аз жана маанилүү сүйлөөгө буйруйт. Бекеринен  Аллах Таала башка муундарга караганда тилди жалгыз кылып, аны катар тиштер менен каптап кала берсе эки эрин менен кабаттаган эместир. Аллахтын жараткан нерселерринде көптөгөн хикматтар бар. Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул маселе тууралуу мындай деп айткан: «Сүйлөсөң жакшы сөз сүйлө эгерде сүйлөөгө  жакшы сөзүң жок болсо анда унчукпай олтурганын жакшы». Тозоко түшкөндөрдүн көпчүлүгү тилдин кесепетинен болот. Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: «Мага эки эриниңердин ортосундагы жана эки бутуңардын ортосундагы нерсени сактоого сөз бергиле, мен да силерге Бейишке кирүүгө сөз берейин» деген.

Ал эми кээ бир адамдар көбүрөөк уктайт. Ислам дини болсо инсанды бул дүйнөгө сынак үчүн жаратканын ошондуктан көбүрөөк ибадат кылууну буйруйт.

Кээ бир адамдар өтө сабырсыз ачууларын кармай албай ар кандай иштерге барышат. Бирок кийин өкүнүп калышат.

Аалымдар айтышкан: «Ачууга алдырып кийин өкүнүп кала турган иштен алыс бол!». Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) «Сабыр – биринчи сыноо келгенде сабыр кылган адам» деп ал эми кийин сабыр кылган ал чыныгы сабыр эмес экендигин эскерткен.

Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дагы бир хадисте мусулмандын сыпаты тууралуу:  “Мусулман – башкалар анын тилинен, колунан зыян көрбөгөн адам”– дейт. Бул хадисте тил эмне үчүн биринчи айтылып жатат, анткени жамандыктын көпчүлүгү тил менен болот. Тилде сөөк деген нерсе жок. Ошондуктан кыргызда бир макал бар: «Буттан жыгылган турат, тилден жыгылган турбайт», «Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт»

Колдун тилден кийин айтылуусу албетте эки адам урушуп кеткен болсо сөзсүз алгач тил менен айтышып анан маселе чечилбесе кол менен кармашууга өтүшөт.

عن بنِ عُمَرَ رضي الله عنهما قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم » إنّ مِنَ الشَّجَرِ شَجَرَةً

لا يَسْقُطُ وَرَقَهَا وَإنَّمَا مَثَلُ الْمُثْلِمِ فَحَدِّثُونِي مَا هِيَ ؟ فَوَقَعَ النَّاسُ فِي شَجَرِ الْبَوَادِي قَالَ عَبْدُ الله وَوَقَعَ فِي نَفْسِي أنَّهَا النَّخْلَةُ فَإسْتَحْيَيْتُ ثُمَّ قَالُوا: حَدِّثْنَا يَارَسُولَ اللهِ قَالَ: هِيَ النَّخْلَةُ»

Бул хадисти Пайгамбардан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Умардын уулу (Ал экөөсүнөн Аллах ыраазы болсун) ривайат кылып жатат: «Дарактардан бир дарак бар анын жалбырагы түшпөйт ал дарак момунга окшош ал кайсыл дарак? деп сахабаларга суроо берет. Умардын уулу айтат мен өзүмчө ойлодум ал дарак курма дарагы босо керек деп, бирок айтуудан уйалдым анткени ал жерде менден улуу сахабалар бар эле. Сахабалар эй Аллахтын элчиси өзүңүз айтып бериңизчи ал кайсыл дарак? Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Албетте ал курма дарагы»- дейт.

Бул хадис момунду бир пайдалуу дарака окшотуп жатат. Ал мөмөлүү дарак бизге мөмөсүн берет, анын көлөкөсүндө эс алабыз, эгерде куруп кала турган болсо отун кылып жагабыз кыскасы пайдасын гана көрөбүз.

Жана бул хадистен дагы бир алына турган сабак, Умардын уулу Абдулланын  адеби өзүнөн улуу жаштагыларды урматтап адеп сактаганы. Эгерде бул хадиске терээң көңүл бура турган болсок Пайгамбарыбыздын элге түшүнүктүү мисалдар менен түшүндүрүүсү.

وَ عَنْ أبِي يَحْيَى صَحَبِ بْنِ سِنَانٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ «

عَجَبًا لأِ مْرِِالْمُؤمِنِ إنَّ أمْرُهُ كُلُّهُ لَهُ خَيْرُ وَلَيْسَ ذَلِكَ لأِحَدٍ إلاَّ لِلْمُؤمِنِ إنْ أصَابَتْهُ سَرَّاءُ شَكَرَ فَكَانَ  خَيْرًا لَهُ

وَ إنْ أصَابَتْهُ ضَرَّاءُ صَبَرَ فَكَانَ خَيْرًا لَهُ »  (رؤاه الْمُسْلِم)

Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дагы бир хадисинде Аллах Таала бизге өтө көп жакшылыктарды бергендигин айтат: «Момундун иши таң калыштуу эгерде ага бир жамандык жетсе ага сабыр кылат ал үчүн сооп алат. Эгерде ага бир жакшылык жетсе Аллахка шүгүр айтат ал үчүн да сооп алат. Мындай мүмкүнчүлүк момундан башка эч кимде жок».

Ар бир муслман төмөнкү сыпаттарга ээ болуулары керек.

 

Ишеними саламат سليم العقيدة 1
Ибадаты туура صحيح العبادة 2
Денеси кубаттуу قوي الجسم 3
Кулк-мүнөзү жумшак متين الخلق 4
Пикири жайык مثقف الفكر 5
Кесипке жарактуу قادر على الكسب 6
Өзүн-өзү тыйа билген مجاهد لنفسه 7
Убактысын үнөмдөгөн حريص على وقته 8
Иш-аракети иреттүү منظم في شؤونه 9
Өзгөгө пайдалуу نافع لغيره 10
  1. Эгерде ишеними түз болбосо анда канчалык көп ибадат кылбасын баари бир анын аракети текке кетип калуусу толук мүмкүн.
  2. Ибадаттыбыздын кабыл болуусунун 2 шарты бар:

1-Ибадатыбыз Пайгамбарыбыздын кылган амалдарына төп келүүсү;

2-Ихласыбыз түз болуусу;

  1. Мусулман ар тармактуу болуусу керек.

“Күчтүү момун күчсүз момунга караганда Аллах таалага сүйүктүрөөк  жана жакшыраак” Анткени күчтүү болсоң ибадатты да толук жана так аткара     аласың, ибадатты көп кылууга да күч-кудурет талап кылынат.

  1. Кулк-мүнөз дааваттын негизи. Анткени пайгамбарыбыз көбүнчө өзүнүн кереметтүү адеп-ахлагы менен элдерди исламга тарта алган.
  2. Мусулман адам ааламда эмне болуп жатат мусулмандардын абалы кандай айтоор кенээн маалыматтуу болуусу керек. Анткени Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир осуйатында: “Башка мусулман бир туугандарынын абалына көңүл бурбаган адам алардан эмес” – деп эскерткен.
  3. Мусулман – жок дегенде бир кесиптин ээси болуусун шариат талап кылат. Кыргыз элибизде жакшы бир сөз бар: “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”. Ал эми биз кылып жаткан даават бул кесип эмес, ал моюндагы милдет”.
  4. Мусулман нафсине эмес бир Кудайга кул болуусу керек. Напсинин калоосунан Кудайдын калоосун жогору койуусу зарыл.
  5. “Убакыт бул – жашоо” Секунд өткөн сайын биз өлүмгө жакындап бара жатабыз. Өткөн убакыт эч качан арка кайтпайт.
  6. Мусулман иреттүү болуусу зарыл анткени Аллах Таала да беш маал намазды беш өзгөчө убакытка парз кылгандыгы бекеринен эмес.

Аалымдар айтышкан: “Тартиптин болуусу өмүрдүн узун болуусуна себеп болот”.

  1. “Мусулман чарчайт башка мусулман бир тууганын бактылуу кылуу үчүн….” Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай дейт: “Аллах Таалага эң жагымдуу мусулман башкаларга көбүүрөөк пайдасы тийген мусулман”

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال: رسول الله صلى الله عليه و سلم

» إنَّ اللهَ لا يَنْظُرُ إلى صُوَرِكُمْ وَ أمْوَالِكُمْ وَ لَكِنْ يَنْظُرُ إلى قُلُوبِكُمْ وَ أعْمَالِكُمْ»

 (رَوَاهُ مُسْلِم)

 Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) ривайат кылган хадисте Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: «Аллах силердин келбетиңерге, байлыгыңарга карабайт бирок силердин жүрөгүңөргө жана кылып жаткан амалдарыңарга карайт».

 Сүйүктүү мусулман бир тууганым! Эгерде сен тоонун башындагы бир арча болбосоң, талаадагы бир бадал бол, бирок ал жердеги эң мыкты бадал сен болушуң керек! Бадал боло албасаң бир чөп бол, жолго сулуулук бер, жыпар – жыттуу чөп боло албасаң башкасы бол, бирок эң жандуусу сен болушуң керек. Баарыбыз капитан боло албайбыз катардагы акскер болууга мажбурбуз. Дүйнөдө баарыбызга жай бар, баарыбыз үчүн бир иш бар, чоң болсун кичине болсун. Чоң жол болбосоң, кичинекей жол бол, күн болбосоң жылдыз бол, жеңип алуу, же жеңилип калуу өлчөм эмес. Сен эмне болсоң ошонун эң мыктысы бол!»

 КМДБнын фатва бөлүмү