Эл арасындагы кургак учук менен ооругандарды кодулоо жана басмырлоону азайтуу максатында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы республикалык кургак учукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте имамдар үчүн «Кургак учукту бирге жеңебиз» аталышында 2 күндүк тренинг өткөрдү. Тренинг Чолпон-Ата шаарынын «Ак-Бермет» пансионатында уюштурулуп, анын алкагында;
- Ислам дининдеги ден соолук маселелердинде кургак учук тууралуу маалыматгы коомчулукка жеткирүү.
- Кургак учук менен жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө болгон басмырлоо, кодулоону болтурбоо жана аларга маалымат берүү.
- Кургак учукка карата негизги кайрылуулар менен тааныштыруу.
- Дин кызматкерлерине кургак учук боюнча маалымат берүү жана алардын бул жааттагы түшүнүгүн кеңейтүү маселелери караалды.
«Кургак учукту бирге жеңебиз» аталышында 2 күндүк тренинг USAIDдин колдоосу менен өтүп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов, Т.Төлөгөнов, Д.Хаитовдор катышып, имамдарга кургак учуктан сактануу боюнча маалымат беришти.