Чолпон-Ата шаарында имамдар үчүн «Кургак учукту бирге жеңебиз» аталышындагы 2 күндүк тренинг өттү

Эл арасындагы кургак учук менен ооругандарды кодулоо жана басмырлоону азайтуу максатында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы республикалык кургак учукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте имамдар үчүн «Кургак учукту бирге жеңебиз» аталышында 2 күндүк тренинг өткөрдү. Тренинг Чолпон-Ата шаарынын «Ак-Бермет» пансионатында уюштурулуп, анын алкагында;

  • Ислам дининдеги ден соолук маселелердинде кургак учук тууралуу маалыматгы коомчулукка жеткирүү.
  • Кургак учук менен жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө болгон басмырлоо, кодулоону болтурбоо жана аларга маалымат берүү.
  • Кургак учукка карата негизги кайрылуулар менен тааныштыруу.
  • Дин кызматкерлерине кургак учук боюнча маалымат берүү жана алардын бул жааттагы түшүнүгүн кеңейтүү маселелери караалды.

«Кургак учукту бирге жеңебиз» аталышында 2 күндүк тренинг USAIDдин колдоосу менен өтүп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов, Т.Төлөгөнов, Д.Хаитовдор катышып, имамдарга кургак учуктан сактануу боюнча маалымат беришти.