Кара-Суу районунда заманбап үлгүдө курулган комплекстүү медресе ишке берилди

Кечээ, 9-июнь күнү Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө “Абу Ханифа ан-Нуъман ибн Сабит ал-Куфи” атындагы балдар медресесинин ачылуу аземи болуп өттү. Ачылыш аземге Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби Абдирашит кары Батыров жана мечит имамдары катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жалпы катышуучуларды медресенин ачылышы менен куттуктап, медресе улуу максатта курулуп, келечек муундарга Ислам баалуулуктарын, бийик маданиятты, адамдык асыл сыпаттарды үйрөтүү менен  ата-энени урматтону негиз кылган чоң тарбиялык мектеп болоорун белгиледи. Ошону менен катар эле медресенин курулушуна жакындан жардам көрсөткөн демөөрчүлөргө казыяттын атынан ыраазычылык барактарды тапшырды. Андан соң, жалпы коноктор медреседе түзүлгөн шарттар менен таанышып, чыгышты.

Эскерте кетсек, “Абу Ханифа ан-Нуъман ибн Сабит ал-Куфи” медресеси 2 кабаттан туруп, мечит ашкана, китепкана, спорттук зал, окуу каналары, компьтердик класстар жана жатаканага ылайыкташып, 100дөн ашуун балдар окууга ылайыкташтырылып курулган.