Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Сүлүктү шаарындагы имамдарга жыйын өткөрдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү  Ниязали ажы Арипов жана Абдуманап ажы Масалиев  Сүлүктү шаарындагы “Нур Вали” атынадыгы борбордук мечиттинде шаардагы   имамдарга жыйын өткөрүшүп, анын алкагында  коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, элди ынтымак, биримдикке үндөө, тарбия, адеп-ахлак жана диний баалуулуктарды  жайылтууда маселелери каралды. Муну менен катар жыйын алкагында  имамдардын   бир канча сунуш-пикирлери айтылып, талкуу иштери жана жаралган маселелерди чечүү жагы каралды.