Ош шаардык казыяты 6 айда аткарылган иштер боюнча отчеттук жыйын өткөрдү

Бүгүн, 9-июлда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу Сулайман-Тоо мечитинин жыйындар залында шаардагы жалпы имамдардын 6 айда аткарган иштери  боюнча отчеттук жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын казысы Убайдила ажы Сарыбаев, казыяттын иш башкармалыгы, Чыгыш-Батыш хатибиятынын баш имам хатибтери жана казыят кызматкерлери катышышты.

Жыйында:

  1. Рамазан айынын жыйынтыгы жана шаардагы мечиттердин ишмердүүлүгү
  2. Намаздарда азанды өз убагында айтуу, жума хутбасын КМДБ тарабынан бекитилген тартипте өткөрүү
  3. Орозо-фитр боюнча маалымат берүү
  4. Мечиттер жана диний окуу жайларды мамлекеттик каттоо иштери
  5. Ажылык иштери боюнча маалыматтар каралды.

Ал эми  Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев шаардагы бардык мечиттердин имамдарын адептүүлүккө, имамдык милдетин так аткарып, ынтымакка жана биримдикке чакырып, улут аралык ынтымакты бекемдөө керектигин билдирди. Жыйын алкагында Ак-Буура Чыгыш жана Ак-Буура Батыш хатибиятынын баш  имам хатибтери Мирлан Токтомушов жана Мурзакул Осмонов ар бир мечитке атайын баалар берилип, имамдардын кетирген кемчилдиктери боюнча бир катар эскертүүлөрдү беришти.