Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби мектеп окуучуларын убакытты туура пайдаланууга чакырды

Кечээ, 29-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы  Эркинбеков шаардагы №5-орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушту. Жолугушууда баш имам хатиб чылым чегүүнүн  жана арактын кесепеттери, тазалыктын маанилүүлүгү туурасында баяндама жасады.

«Келечек муун үчүн биз азыртан кам көрүп, аларды ыймандуу, адеп-ахлагы бийик, мекен, эли үчүн ак кызмат кылган инсан кылып тарбиялашыбыз керек»,-деди Абсатар ажы Эркинбеков.

Муну менен катар баш имам  хатиб убакытты туура пайдалануу, билим алуунун артыкчылыгы, мугалимдерди урматтоо туурасында баяндама жасады.