Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Таластагы чет тилдер медресесин жана 90дон ашкан Сагыналы молдону зыярат кылы

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Талас облусуна жасаган илимий иш сапарынын алкагында чет тилдер багытындагы  кыздар медресесин зыярат кылып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.

Талас облусунун Мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев облус аймагындагы медреселер боюнча маалымат берип,  бардык диний окуу жайлар казыяттын көзөмөлүндө болуп, окуучулардын билим  сапаты текшерилип тураарын билдирди.

Андан соң Аалымдар Кеңешинин мүчөсү диний билим таратууда опол тоодой эмгек кылып, учурда  90го чыкса дагы акыл-насаатын  айтып жаткан дин аалымы Сагыналы молдону зыярат кылып, анын ден соолугунан кабар алды.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Сагыналы молдонун жасаган эмгеги баа жеткис экендигин баса белгилеп, өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирип кайтты.