Ош облусунун мусулмандар казыятынын кызматкерлери Араван районунун алыскы Төө-Моюн айылына барып, мечиттердин ишмердүүлүгүн текшеришти

Ош облусунун мусулмандар казыятынын курулуш жана мечит адиси Абдималик ажы Турсунбеков, фатва бөлүмүнүн адиси Нургазы ажы Эрматов жана эсепчи Майрамбек ажы Кулуев  региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Араван районунун алыскы Төө-Моюн айылдык округуна иш сапары менен барышты.

Казыят кызматкерлери айылдык жамаат менен танышып, мечиттердин,  жума окулуучу мечиттердин расмий уруксат кагаздарын жана тазалыктарын текшеришти.

 «Бул иш-чараны 83 жаштагы мурдагы  Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Кошон ажы Исмаилов (Молдо Талиб) устатыбыздан кабар алуудан баштадык. Молдо Талиб устатыбыз өзүнүн улгайганына карабастан жаштарга таалим-тарбиясын берип келет», — деди Абдималик ажы Турсунбеков.