«Элистан» балдар үйүндө кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы «Элистан» балдар үйүндө Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы жана «Эки динар төлөп- эки дүйнөңдү утуп ал» коомдук фонду менен биргеликте кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Бул күнү балдарга арналып, атайын кышкы жылуу кийим-кечелер, белектер таратылып, келечектери кең болушу үчүн дуба кылынды.

«Элистан» балдар үйүндөгү тарбияланып жаткан балдардын аз да болсо көңүлүн көтөрүү максатында бул кайрымдуулукту уюштурдук. Бардык катышкан фонддордун максат тилектери, кылган сооптуу иштери кабыл болсун. Анткени хадисте баса айтылгандай жетим балдардын башын сылап коюунун өзү өтө чоң сооп болуп эсептелет.»- деди уюштуруучу «Айша» мечитинин имам хатиби Мансурхан ажы Нарматов.