Муаз Ибн Жабал медересесинде кыздар арасында пайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүр баяны боюнча сынак өттү

Баткен облусунун Баткен шаарындагы  Муаз Ибн Жабал медересесинин кыздар бөлүмүндө кечээ, 30-октябрда студенттер арасында пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) туурасында алып жаткан билимин бышыктоо жана ал туурасында маалыматын жогорулатуу максатында сынак уюштурулду.

Сынактын жүрүшүндө студенттер тайпага бөлүнүп, атайын даярдалган суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгында мыкты жооп берген тайпаларга белектер берилди.

Жарышты уюштурган медресе жетекчилиги мындай иш-чаралар жаштарга таасири чоң болгондуктан байма-бай өткөрүп турушмакчы.